super.kg logo

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети уюштурган долбоордун 14 катышуучусу Жогорку Кеңеште болуп кайтты

 

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети уюштурган долбоордун 14 катышуучусу Жогорку Кеңеште практикада болуп кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда аталган комитеттен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети Ош шаарында мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүүдө жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, лидерлик сапаттарын өркүндөтүү максатында 2014-жылдын май айынан баштап "Интеллектуалдык өнүктүрүү мектеби" акысыз лидерлик окуу долбоорун уюштурган. Окуу долбоорунун алкагында 200 студенттин ичинен 40 студент сынактан өтүп, жыйынтыгында мыкты деп табылган 14 студент 7-декабрдан 13-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде практикада болушту.

“Студенттер практика учурунда өз адистиги боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин бөлүмдөрүндө тажрыйба топтошту. Андан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуп, учурдагы маанилүү көйгөйлөрдү талкуулап, кеп-кеңештерин угушуп, студенттер үчүн бир топ жемиштүү практика болду”,- деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: