super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Ош-Өзгөн жолунда кырсыкка учураган окуучулар көбөйүп жатканын айтышты

 

Ош-Өзгөн унаа жолунда кырсыкка учураган окуучулар көбөйүп жатат. Муну КСДП фракциясынын 19-декабрдагы жыйынында депутат Мамат Орозбаев билдирди. Аталган унаа жолунда бир дагы жол чырагы жок экенин айтат депутат. “Өзгөндөн Ош шаарына чейинки жолдун узундугу 50 чакырым. Бирок эч кандай жол чырак орнотулган эмес. Мисалы, Өзгөндөгү Шералы айылынын мектеби жол боюнда жайгашкан. Ал жерде автокырсыкка кабылып, көптөгөн жаш балдар каза болуп кетишти. Өкмөткө кат жолдоп, жооп ала албай койдум. “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирсе, ушул айылга жол чырак коюуну өтүнөм”,- деди Орозбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: