Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, бир тарапка ачылды
Кечээ, 18-декабрда саат 17:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында болжол менен 1600 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолун тосуп калган.
ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-декабрда берген маалыматка ылайык, жолду тазалоо иштерине ЖЭМ-26дан 1 жүктөгүч 1 бульдозер тартылып, саат 20:30 чамасында жолдун бир тарабы ачылып, учурда аны кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















