super.kg logo

Алтынбек Максүтов: "Зуура Сооронбаева кыргыздын акын-жазуучу кыздарынын көч башында турат"

 

18-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Кыргыз Эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 19-декабрда билдиришти. Иш-чара жазуучунун чыгармачылык жолун чагылдырган даректүү тасма менен башталды. З.Сооронбаеванын "Астра гүлү", "Чоочун киши", "Сынган мазар" чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдердин үзүндүлөрү менен коштолуп, анын калемине таандык ырлар окулду.

Эскерүү кечесине КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, Ысык-Көл облустук администрациясынын өкүлү, Ак-Суу райондук администрациясы, жазуучунун туугандары катышты.

А.Максүтов өз сөзүндө: "Зуура Сооронбаева кыргыздын акын-жазуучу кыздарынын көч башында турат.  Чыгармачылык чыйыр жолун ырдан баштап, ыр жыйнактарын чыгарса да, прозага да, драматургияга да кайрылып, адабият дүйнөсүндө омоктуу изин калтырып кетти. Чыгармалары карапайым калктын жүрөгүнөн орун алган, себеби анда бардык мезгилде, бардык убакта актуалдуулугун жоготпогон түбөлүк темалар козголгон. Окуган ар бир окурман андан өзүнүн, элдин тагдырын көрөт, каарманы жүрөккө жакын. Жашоонун ак менен карасы, оош менен кыйышы адам баласын ар убак коштоп жүрөрүн Зуура эжебиздин чыгармалары таасындап турат. Адамзат үчүн сабак болчу орошон ойлор камтылган. Каармандарынын сезимин, курчап турган чөйрөнү өзгөчө сезимталдык менен сүрөттөө менен бирге алардын түйшүктөрүн, кайгы-муңун көбүрөөк чагылдырып берет. Өзгөчө "Астра гүлү“, "Чоочун киши“ романдары бүгүнкү күнү да бирден-бир окумдуу чыгармалардын катарынан өчпөй келет. Эч билим албаса да, тубаса таланты, сөзмөрлүгү менен кыргыз адабиятына салым кошкон Зуура Сооронбаевадай маанилүү, маңыздуу иштеш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул адам айылдагы болгон окуяны, уккан-көргөнүн, каармандарынын баскан-турганын боюна сиңирип, иштеп чыгып, калем аркылуу элге берген адам. Чынында, сөздүн чебери эле",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: