super.kg logo

Бишкекте лизинг аркылуу алынган айыл чарба техникасын тапшыруу аземи өтүп, дыйкандар ыраазы болушту (фото)

 
Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында лизинг аркылуу алынган айыл чарба техникасынын биринчи партиясын тапшыруу аземи өттү. Иш-чара биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү жана депутаттардын катышуусунда өткөрүлдү.
Т.Сарпашевдин айтымында, 2014-жылдын декабрынан кийинки жылдын декабрына чейин миңден кем эмес техника алынышы керек. "Бул максатка жетиш үчүн ай сайын жүздөн трактор алынып туруусу зарыл. Өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын сапаты начарлап, жаңыланбай келген",- деди ал.
Техниканы ыңгайлуу баа жана насыяга берүүчү шарттар менен алган дыйкандар өз кезегинде өкмөткө ыраазычылыгын билдиришти. Тракторду лизингге сатып алган дыйкан журналисттерге буларды айтты: "Мен Талас облусунун Шекер айылынан келгем. Жаңы тракторго муктаж болчумун. Эми бул техника мага жана айылдаштарыма кызмат көрсөтөт. Анын баасынын 30 пайызын алдын ала төлөп, калганын 7 жылдын ичинде жыл сайын төгүп турам. Мен үчүн мындай төлөө системи абдан ыңгайлуу".
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда агрардык секторду өнүктүрүүнү колдоо максатында Евразиялык Өнүктүрүү банкы "Айыл банкка" 20 миллион доллар өлчөмүндөгү узак мөөнөткө насыя бермекчи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
19.12.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооо жакшы жакшы бирок мындай жакшы иштердии кооп адамдар корбойтта))))
19.12.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин айлымда жашаган дыйкан комбайн алыптыр куттуктайм. мага берип турат ээ ))
19.12.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тузук... Конул жылытаарлык иш кылышыптыр..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: