super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын 20 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-декабрда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 20 жылдыгы менен өлкө элин куттуктады. 

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу меймандар!

Сиздерди Кыргызстан элинин ассамблеясынын 20 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

1994-жылдагы Кыргызстан элинин биринчи жалпы улуттук курултайы жаш эгемен өлкөбүздүн соңку жаңы тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ окуя болгон. Себеби бул курултайда жаңы коомдук уюмду - Кыргызстан элинин ассамблеясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын 20 жылдыгы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына туш келгени жакшы жышаан. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө өлкөбүздө жашап жаткан жарандардын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоосуз мүмкүн эмес",- деп башталган куттуктоодо ассамблея өлкөнүн мындан ары өнүгүүсүнө өз салымын кошоруна ишеним чоң экени айтылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: