Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу толук ачылды
Кечээ, 18-декабрда кар көчкүдөн улам тосулуп калган Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа жолду тазалоо иштерин ЖЭМ-26дан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер жүргүзгөн.
Эскерте кетсек, кечээ саат 17:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында болжол менен 1600 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолун тосуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.