MegaCom компаниясы кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасына татыктуу болду




КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев баш болгон кыргыз өкмөтү 9-14-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга салым кошкондугу үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди. Улуттук мобилдик оператор масштабдуу иш-чаранын башкы өнөктөшү болгон. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкондорду сыйлоо аземинде уникалдуу долбоорду колдоого алгандыгы үчүн MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркуловго ыраазычылык каты тапшырылды.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштуруу иштеринде колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү "Альфа Телеком" ЖАКына ыраазычылык билдирет. Сиздерин эмгегиңиздерди жогору баалап, компанияга жаңы бийиктиктерди багынтууда күч-кубат, энергия жана ийгиликтерди каалайбыз",- деп айтылат ыраазычылык катта.
Көчмөндөр оюндарын уюштуруучулар мобилдик оператор катары MegaCom`ду тандашкан. Өз кезегинде оператор иш-чаранын уюштуруучуларын жана конокторун ишенимдүү мобилдик байланыш менен камсыздаган. Ошондой эле интернет менен камсыз кылып, оюндар өтүп жаткан аймакка жаңы базалык станцияларды орнотту. Кыргызстандын президентинин колдоосу менен ишке ашкан долбоорго компания ар тараптуу жардам көрсөттү. "MegaCom түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү үчүн тилектеш!"- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
nur-patriot

19.12.2014. 17:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куттуктайм Мегаком!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.