Мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин билүүнү милдеттендире турган мыйзам долбоору талкууланууда
Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин билүүсүн милдеттендире турган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Долбоордун демилгечиси - депутат Кожобек Рыспаев. Мыйзам долбоору мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик тилди билүү боюнча квалификациялык талабын караштырат. Угууда кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тартиби, критерийлери жана бул багытта мамлекеттик органдар тарабынан кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы талкууланат. Отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары жана тийиштүү чиновниктер катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

