super.kg logo

Осунбек Жамансариев: “Кыздын өлүмүнө байланышкан иште мага жана башкы прокурор Аида Саляновага каршы саясий оюн уюштурулгандай

 

"Менин жана башкы прокурор Аида Салянованын аты чыгып жаткандыгын бизге каршы жасалган саясий оюн катары кабыл алдым". Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында март айында 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча суракка алынган Осунбек Жамансариев билдирди.

“Бул кыздын өлүмүнө байланыштуу 400 адам суракка алынган, алардын бири менмин. Мен досум Калый Салянов менен сүйлөшкөнүмдө ал мага “Дагы жакшы, ал кызды жеткиргенден кийин үйүмдө түнөгөнүм. Эгер Камила ошол мен жеткирген түнү жоголуп кетсе, аны дароо менден көрмөк экен” деген. Менин оюмча, эгер менин жана Калый Саляновдун бул кылмыш ишине катыштыгы бар болсо, бизди эбак эле каматып коймок. Кыздын өлүмүнө байланышкан иште мага жана башкы прокурор Аида Саляновага каршы саясий оюн уюштурулгандай. Болбосо эмне себептен улам 400 адамдын ичинен менин жана досумдун эле аты чыкты? Анын үстүнө каза тапкан кыз 10-мартта жоголуп, анын сөөгү 17-март күнү табылып жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал кыздын сөөгү табылганда анын каза болгонуна 8-10 сааттай эле болгон, демек, ал 16-март күнү каза болгон. Эгер ойлонуп көрсөк, ал кыз жоголгондон кийин 6 күн тирүү болгон, менимче, ал бир жакта өзүнүн жакын адамы менен жүргөн болушу мүмкүн”,- деди О.Жамансариев.

Анын айтымына караганда, анын атына мындай жалган жалаа жабылгандан кийин коомчулукта анын аты булганып калгандай. Себеби бул жагдай бир катар суроолорду туудуруп, коомчулукта ал шектүү катары кабыл алынып калды. 

Акыркы учурда бул кыздын өлүмүнө менин катыштыгым бар деп ойлоп алган адамдар да пайда болду. Жаман экен, каза тапкан адамды өмүрүңдө көрбөй туруп аны өлтүрүүгө шектелген. Мындай жагымсыз нерселер үй-бүлөмө да таасирин тийгизди. Ушундай сыяктуу туура эмес маалыматтардын айынан үй-бүлө да урап калышы мүмкүн, туурабы? Бул жерде менин гана эмес, досумдун үй-бүлөсүнүн бекемдигине доо кетүүдө”,- деди О.Жамансариев.       






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
19.12.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул саясий оюн эмес Осунбек мырза!Бул тергоо..жана фактылар. Аида Салянованы ортого кыпчыгандын кереги жок. Агасынын куноосу болсо мыйзам боюнча жооп берет о.э сиз дагы жооп бересиз.Аида айым озу закондун устундо туруп тергоого тоскоолдук кылбаса керек деп ишенем.Тааныш билиш,тууган-урук кылбай Адилет тергоо журушу керек.Бирок сиз ар бир берген интервьюларынызда ар башка суйлоп жанылып жатасызда ыш-то то..Ыш-то то Кумонум барда.. эми аны таза тергоо иликтоонун жыйынтыгы корсотот болуш керек.
19.12.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тергоого менимче тоскоолдуктар болуп жатат. Болбосо Камиланын акыркы телефондо суйлошкон создору же смстери чалуулары мобильный компанияда жазылуу болотго жана объект кимге чалды чалган номер кимдерге чалчуу ага чейин. сепочка кылып териштирсе бир айга жетпей кармалат кылмышкер. Клубка таштаса ал жерде камера болсо керек ким менен журду жалгызбы же башка бироо мененби? Бул жерде убакытты атайылап созуу менен далилдерди жок кылуу процесси журуп жаткандай сыяктанат.
19.12.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушул биздин аткаминерлер бирнесе болсо эле мага саясий оюн болуш керек деп чыга каласынар
19.12.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироого ор казсан тайыз каз дейт, бул киши 3-4 жыл мурун башка бир адамдарды каматап деп чуркап журчу эле го. Жерге-сууга батпай чуркап журуп байкабай озу казган орго озу тушуп кеткен окшойт го.
19.12.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Savai80, в точку!!!!
20.12.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мага анан саляновага деп озун денгеелин прокурорго тенеп алыптыр сен кимсин озу ????
20.12.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ... ошондо тушунушот.
Модератор admin_portal түзөттү 22.12.2014 11:27
22.12.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erikkarakulja - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
20.12.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э байкеш,шамал болбосо теректин башы кыймылдабайтда...саясий оюн деп озунузго прокурорду аралаштырбаныз!чындык баарибир чындык,ачыкка чыгат мин жашырсанарда..
20.12.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз семьянарды ойлоп жарака кетпешинерди эми ойлоп калдынарбы?! Шерменденер чыгып жалпы элге жайылгыча ойлонот нормалдуу адам. Кызы менен тен кыздар менен тентуш болуп ары бери ташыбайт. Озу бул киши ким??? Озун ото эле авторитет сезет окшойт ыя??? Озу жетектеген коомундагылар менен тытышып катындар менен ажылдап эле журчу эле го?! Саясий оюн кылгыдай озун аябай салмактуу саясатчы эсептеген бир дымагы кучтуу байкуштун бири тура. Бир кылмышы билинсе эле саясий оюн, саясий куугунтук дешип "отмазка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: