Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрүн шайлоо боюнча сынактын мөөнөтү 12-январга чейин узартылды
Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрүн шайлоо боюнча сынак 2015-жылдын 12-январына чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-декабрда билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссия коомчулуктун, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишине аралашкан чөйрөлөрдөн, эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнөн белгиленген мамлекеттик органдардын Коомдук кеңештерине шайлоо үчүн сынакка катышууга документтерди кабыл алуунун мөөнөтүн узартты.
Министрликтер, мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик кызматтар, фонддор, мамлекеттик инспекциялар 2014-жылдын 19-сентябрында жарыяланган сынакка катышуу үчүн документтерди аталган мөөнөткө чейин тапшырышы керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

