super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Парламенттик демократиянын арты менен өлкөбүз өнүгүүдө"

 

"Парламенттик демократиянын арты менен биздин мамлекет алдыга карай өнүгүүдө, стратегиялык максаттар жана тапшырмалар аткарылууда",- деп билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Бул тууралуу төрага бүгүн, 19-декабрда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жан-Мишель Хаппини кабыл алууда айтты. Спикер Кыргызстандагы демократиялык жол кайра артка кайтпай турганын кошумчалады. "Азыркы кезде негизги күч Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгүн ар тармакташтырууга, өнүккөн транспорт-коммуникациялык, өнөр жай инфраструктуралык түзүмүн түзүүгө, ошондой эле энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Мына ушул контекстте биздин эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоолор өзгөчө маанилүү",- деди Жээнбеков.

Жолугушууда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан бери буга чейин ишке ашырылган 43 долбоордун негизинде жалпы суммасы 832 миллион доллар жардам бергени айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: