Эльвира Сариева көзөмөлдөгөн органдардын экөөсү гана жылдык планды толук аткарганы айтылды



Вице-премьер-министр Эльвира Сариева көзөмөлдөгөн министрлик, мекемелердин экөөсү гана 2014-жылдын иш планын толук аткарды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда вице-премьер өзү өкмөт жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл Социалдык өнүгүү министрлиги жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги иш планын толук аткарган. "Иш планды начар аткарган мекемелерге жетекчилиги улам-улам алмашкан министрликтер кирет. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги иш планынын 40 пайызын аткарган жок",- деди Сариева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

