Казакстандагы мигранттар аталган өлкөдө жүрүү, документ жасоо көйгөйлөрүн талкуулашты
Алматы шаарындагы КРнын Башкы консулдугу жергиликтүү Коомчулуктар фондунун колдоосу менен Шилик аймагында эмгектенген кыргызстандык мигранттар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу 19-декабрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мигранттардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө социалдык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүп, мигранттарды колдогон волонтёрлорго сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле башкы консулдуктун өкүлдөрү Казакстандын аймагында жүрүү, документ жасоо жаатындагы маселелерди талкууга алышты. Жолугушуунун соңунда КРнын жарандары биометрикалык маалыматтарын тапшырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

