Токмоктогу пилоттук мектептерден келген окуучулар Кубанычбек Кулматов менен жолугушту











Бүгүн, 19-декабрда Токмок шаарынын №1 жана №5-пилоттук мектептеринин окуучулары Бишкекте болушуп, аларды мэр Кубанычбек Кулматов жана вице-мэр Айгүл Рыскулова кабыл алды. Балдардын сапары “Кыргызстандын шаарлары балдардын көзү менен” деп аталган долбоордун алкагында ишке ашырылган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мэр балдарды тосуп алып, аларды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Андан соң окуучулар Мамлекеттик тарых музейинде жана Жогорку Кеңеште болушту. Бул иш-чаралар окуучулардын аймактар аралык ынтымагын орнотуу жана алардын окуп-үйрөнүүсүнө шык берүү максатында уюшулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.