Бишкекте Жаңы жылга карата 600 баланын катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү









Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жана бир катар балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын катышуусунда мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, концерттик программанын алдында мэр Кубанычбек Кулматов сөз алып, балдарды куттуктап өттү. Андан соң бир катар бий ансамблдеринин балдары атайын театралдаштырылган шоу тартуулашты. Сахнада мультфильмдердин жана жомоктордун башкы каармандарынын элеси чагылдырылган. Концерттик программанын соңунда балдарга Аяз ата жана Аяз кыз белек тапшырды. Жалпысынан салтанатка катышкан жана күбө болгон балдардын саны туура 600дү түзүп, мэрдин белектери да тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.