"Ырчы Микаэлдин өлүмү боюнча Эркин Турусбековду кыйноого алган" деп шектелген милиция кызматкерлери соттолду

"Ырчы Микаэлдин өлүмү боюнча Эркин Турусбековду кыйноого алган" деп шектелген Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын алты кызматкеринин үчөө акталып, үчөө 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Свердлов райондук сотунан билдиришти.
Айта кетсек, 2010-жылдын 31-мартында саат 18-19 чамасында Микаэль киши колдуу болуп, тагыраак айтканда, 22 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн эле. Ал эми 24-май күнү бул кылмышка шектүү деп Эркин Турусбеков аттуу жигит кармалган. Бирок анын апасы Нуржамал Рыскулова баласынын күнөөсү жок экенин жана аны милиция кызматкерлери кыйноого алышканын айткан. Кийин Эркин Турусбековдун кыйноого алынганы аныкталып, акталган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

ХХХ таарынып журбосун, тердеп багып закон жазып журот го.
Кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт.