Бишкекте кармашып урушуу спорту боюнча күч түзүмдөрү арасында биринчилик старт алды


























Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында кармашып урушуу спорту боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш Жаза аткаруу кызматынын "Омега" атайын отрядынын түзүлгөндүгүнүн 11 жылдыгына карата уюшулган. Ага жалпысынан кыргызстандык 9 команда жана казакстандык 2 команда катышууда. Спортчулар 9 салмак категориясы (55 килограмм салмакта, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 90 кг, 95 килограммдан жогорку салмакта) боюнча күч сынашууда. 21-декабрда жыйынтыктала турган мелдештин жеңүүчүлөрү республиканын спорт чеберине талапкер болушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.