“Реал” футболдук клубу Мароккодо өткөн клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун утуп алды

















Кечээ, 20-декабрда Мароккодо клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу аяктады. Финалдык беттеште Түштүк Американын ири лигасы болгон Либертадорес Кубогунун жеңүүчүсү, аргентиналык “Сан-Лоренцо” менен Европанын өкүлү болгон испаниялык “Реал” кез келди. Жыйынтыгында 2:0 эсебинде европалыктар жеңишти камсыздашты. Жеңиш алып келген голдорду Серхио Рамос менен Гарет Бэйл киргизди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, муну менен “Реал” өз тарыхында биринчи ирет клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун утуп алды.
Клубдар аралык дүйнө чемпиондугу: "Реал" (Испания) - Сан Ларенсо (Аргентина)
Мадриддик "Реал" Клубдар аралык дүйнө чемпиону (Сыйлык тапшыруу аземи)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Супер инфо силерге рахмат, дайыма суроту менен киргизип коёсунар!
Жакын арада киргизип койгонго аракет кылабыз.