super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Иш пландарын аткарбаган жетекчилерге катаал чаралар көрүлөт"

 

19-декабрдагы өкмөт жыйынында вице-премьер-министрлер министрлик жана ведомство жетекчилеринин 2014-жылга карата иш планынын аткарылышы боюнча маалымат беришти.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгилегендей, кеңешме жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ведомство жетекчилеринин жеке пландарынын аткарылышы боюнча конкреттүү баа берилет. "Өздөрүнүн иш-аракет жана милдеттенмелер планын аткарбаган мамлекеттик орган жетекчилерине карата ээлеген кызматынан бошотууга чейин катаал чаралар көрүлөт",- деди өкмөт башчы.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев экономикалык блок жана агроөнөржай комплекс жетекчилеринин бекитилген иш планына ылайык, 138 тапшырма аткарылышы керек болсо, анын 91и аткарылып, 47си ишке ашпаганын айтты.

“Милдеттенмелердин көпчүлүк бөлүгү формалдуу мүнөзгө ээ, мониторинг жүргүзүү жок, реформалык идеялар да жокко эсе, ал эми алардын аткарылышы заманбап чакырыктарга жана мамилелерге жооп бербеген эски принциптер боюнча жүрүүдө",- деди Сарпашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: