super.kg logo
  Саясат  

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюкка ишке эшекчен келип кетүүнү сунушташты

 
Жогорку Раданын депутаты Сергей Каплин ("Пётр Порошенконун блогу") Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк (сүрөттө) кызматтык Мерседес автоунаасын арзаныраак нерсеге алмаштырышы зарыл деп эсептейт. Депутат өкмөт башчынын кызматтык унаасынын кышкы дөңгөлөгүнүн баасына нааразы экенин чет элдик маалымат булактарына билдирген.  
"Яценюк жакында буга чейин Азаров (Николай Азаров, Украинанын мурунку премьер-министри) минип жүргөн Мерседеске кышкы дөңгөлөк сатып алды. Бир дөңгөлөгү 42 миң гривна турат. Бул жөн эле шылдыңдоо",- деген Каплин дөңгөлөк мамлекеттин акчасына алынганын билдирген. 
Депутаттын айтымында, экономикалык оор шартта баарынан: депутаттардан, соттордон, прокурорлордон, жардамчылардан үнөмдөлүү керек. "Өлкө азырынча кризисте турганда, сен эшек менен жүрүшүң керек",- деп сунуштады Каплин. 
Эскерте кетсек, чиновниктердин кызматтык унаасынын дөңгөлөгүнө байланышкан окуя Кыргызстанда да болгон. Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда 500 миң сомго кызматтык Мерседес унаасына дөңгөлөк сатып алганы айтылып, "бюджеттин акчасын ысырап кылды" деген айыптоодо калган.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: