Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 жүргүнчү жаракат алды
Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-декабрда Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүнөн БМВ жана Мерседес үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен БМВ унаасынын 26 жаштагы айдоочусу жана анын 18 жаштагы жүргүнчүсү баштарынан жаракат алды. Жаракат алгандар аймактык ооруканага жеткирилишти. Ал эми Мерседес унаасынын 49 жаштагы айдоочусу эч кандай жаракат алган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.