super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 15 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты

 

Өткөн суткада өлкө аймагында 15 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза таап, 20 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында болгон 5 жол кырсыгынан 6 адам жаракат алды. Чүй облусунда 5 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза таап, 7 адам ар түрдүү жаракат алган. Ысык-Көл облусунда 1 жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 2 адам жаракат алды. Нарын облусунда 1 жол кырсыгы катталып, 1 адам жаракат алды. Ош облусунда 3 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 4 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алды.

Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында 20-декабрь күнү жол кырсыгынын кесепетинен ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу көз жумду. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 21:30 чамасында болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен оор жаракаттарды алган ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаанын Айбек аттуу айдоочусу аймактык ооруканадан каза болду. Бул факты боюнча чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: