super.kg logo

Ысык-Көл облусунда 15 килограмм баңгизат менен 46 жаштагы жаран кармалды

 
Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 15 килограмм баңгизат менен 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-декабрда Түп районунун оперкызматкерлерине Чоң-Тогузбай айылынын тургуну баңгизат сатууга аракеттенип жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында 25 жаштагы Аскар аттуу жаран кармалды. Анын жанынан кутучаларга салынган 60 грамм баңгизат алынган. Ушул эле иликтөө иштеринин натыйжасында Барскоон айылынын М.Марат аттуу тургунунун үйү тинтүүгө алынган. Натыйжада 46 жаштагы М.Мараттын үйүнөн 15 килограмм салмактагы марихуана алынды. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: