Жогорку Кеңештин комитети Бажы биримдигине кирүү боюнча келишим долбоорун кароодон баш тартты. Документке кол коюлары менен делегация Москвага учат
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 22-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киришине байланыштуу келишимдин долбоорун кароодон баш тартты. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев муну "Келишим долбоорун кароо күн тартибине киргизилген эмес, мурдараак киргизиш керек болчу. Биз регламентти буза албайбыз, бул маселеге мындай үстүртөн кароо туура эмес. Бул макулдашууну комитетте талкуулай албайбыз" деп түшүндүрдү. Экономика министри Темир Сариев документти тармактык комитет карап, президент кол койсо, бүгүн түштө делегация Москвага учушу керектигин айтууда.
Автор: Жамалдин Парманкулов, Автандил Добулбеков
Өкмөт өкүлдөрү маселенин маанилүү экенин айтып, муну кезексиз мөөнөттө эле кароону өтүнүшүп, бирок комитет мүчөлөрү көнүшкөн жок. Комитет отуруму ишин жыйынтыктап, депутаттар тарап кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

