super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев өкмөт өкүлдөрүнө: "Бизди жарга такабагыла, Кыргызстан силерге куурчакпы?"

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 22-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киришине байланыштуу келишимдин долбоорун кароодон баш тартты. Экономика министри Темир Сариев делегация бүгүн келишим долбоорун алып, Москвага учуп кетүүгө даярданып жатканын айтып, документти колдоп берүүнү өтүндү. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев: "Бизди жарга такабагыла, Кыргызстан силерге куурчакпы? Президентти сыйлайбыз, бирок бул маанилүү документ болгондуктан, мыйзамдуу түрдө комитет төрагасынын колуна келиши керек эле. Жолдон эле кармата салган жарабайт. Анан да бул жерде үч сунушту кошобуз деп жатасыздар, бул эмне деген сунуш? Көз көрбөгөн сунушту кантип кабыл алабыз? Мен колдобойм, башкага алып баргыла",- деди Иманалиев. 

Депутат Турсунбай Бакир уулу келишим долбооруна фракциялардын макулдугу жок экенине токтолду. "Колдоп кой десе эле колдоп бергидей, биз, депутаттар, мал эмеспиз. Биринчи бул жерде фракциялардын да макулдугу керек. Фракциялардын макулдугу жок комитет төрагасы Иманалиев долбоорду колдоого уруксат берсе, мен анын (Иманалиевдин) кызматтык жоопкерчилигин кароого сунуш берем", - дейт Бакир уулу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: