super.kg logo

Тоң районунда 14 жаштагы кызды сатуу фактысы боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 14 жаштагы кызды сатуу фактысы боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

"Жети-Өгүз айылынын 14 жаштагы Мээрим аттуу тургуну үйүнөн качып кетип, көп убакыттан бери ата-энесине кайда экендигин билдирбей келген. Ал Боом капчыгайындагы “Жол-Булак Евразия” кафесинде официант болуп иштеп жүргөн. Ал кафенин ижарачысы Элиза жана анын күйөөсү Канат аттуу жарандар ал кызды ошол аймакта жашаган Нурлан аттуу айдоочу менен тааныштырган. Жолугушуунун алкагында Нурланга Мээримди 19 жашта деп айтышкан. Андан соң кафенин ижарачысы Элиза күйөөсү экөө Мээримдин алыс тууганы Таштан аттуу жаран менен сүйлөшүп, ал кызды 15 миң сом жана 1 койго күйөөгө сатып жиберген",- дейт С.Усубакунов.

Белгилүү болгондой, Мээрим аттуу кызды болочок күйөөсүнүн үйүнө алып келгенде Нурландын туугандары жана анын апасы кыздын ата-энеси, туугандары тууралуу сурашкан. Сүйлөшүү учурунда Мээрим 19 жашта эмес, 14 жашта экенин билишип, кафенин ижарачысы Элиза, анын күйөөсү Канат жана Таштан аттуу жарандын үстүнөн арыз жазышып, милицияга кайрылган.

“Териштирүү иштеринин натыйжасында Мээримдин апасы, Таттыбүбү аттуу аял табылып, Мээримдин жашы жете электигине байланыштуу анын ордуна апасы арыз жазган. Кыздын өткөөл мезгили болгондуктан, ал үйүнөн качып кеткен болуш керек, ал 28-октябрдан бери ата-энесине дайынын билгизбей келген. Ал өзүнүн жашынан чоң көрүнгөндүктөн, Нурлан аттуу жаран аны 19 жашта деп ойлоп алган болушу мүмкүн”,- деди С.Усубакунов.

Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө, бир нече сааттын ичинде жыйынтыгы чыгат. Ага ылайык, кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып, күнөөлүүлөр жоопко тартылмакчы.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.12.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеси кандай адамдар кызынан кабар албаган,кызы качан куйоого тиерде пайда болуп. Кудай тообо!!!
26.12.2014. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал биздин айылга келин болуптур,менин жолдошум ошол Нурландын уйуно жумуштап барып коруптур ал келинди сооктуу бою узун кыз екен деди го 14 жаштагыдай корунбойт дейт,Нурландын ежеси почтада иштейт,андан акча алганы барсам ,ой емне келининер кетип калды десем озу бизге 1995жылкымын деп айткан,анан еле кетем деп калыптыр деди ,жеткирип келишиптир,ал Нурланды емес берки саткандарды жоопко тартыш керек ,Милициялар айтып атыптыр Нурланга. ,70000мин берсен ишинди жабабыз деп,аны мага ежеси айтты
26.12.2014. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан да мен да тан калам,кандай таш боор ата ене кызын издебеген,оздору да ичкен уй було болсо керек да,болбосо тоок же ит жоголсо да издейбиз го,анан да жашы жетелек болсо кантип журогу чыдап жатышты билбейм,мисалы менин жолдошум Алабай деген кучугу жоголгондо 3кун айылды кыдырып издеген,еми адамбыз го ит емес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: