super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет өкмөттүн “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушун четке какты

 

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде тышкы эмгек миграциясы боюнча жумушчу квоталарын жөнгө салууга багытталган “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда четке кагылды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык, эмгек квотасын аныктоо укугун өкмөткө берүү демилгеси сунушталууда. Алар эмгек квотасы бекитилгенге чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин макулдугун алууга тийиш.

Депутат Курмантай Абдиев эмгек квоталарын бөлүү жол-жоболорун мурдагы редакциясында эле калтырып, мыйзам долбоорун четке кагуу сунушун берди. "Эмгек квотасы адегенде өкмөт тарабынан каралып, анан ал токтом Жогорку Кеңеште бекитилип келген. Ал парламентте кыйла талаш-тартыштарды жаратып, жандуу талкуу аркылуу бекитилчү. Анткени бул маселе улуттук коопсуздук менен тыгыз байланышкан",- дейт Абдиев.

Тармактык комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев депутаттын мындай пикирине кошулуу менен квота бөлүү өтө орчундуу маселелердин бири болгондуктан, аны бекитүү укугу парламенттин өзүндө эле калганы туура экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: