Билим берүү министри: "ЖОЖдордогу 5 жылдык билим берүү системи жоюлду"
"2012-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы 5 жылдык билим алуу системи жоюлду. Ал эми маданият, куралдуу күчтөр жана медицина тармагындагы 5-6 жылдык окуу тартиби өзгөргөн жок". Мындай билдирүүнү бүгүн, 5-февралда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков айтты. “Мындан ары Кыргызстандагы ЖОЖдордун студенттери 4 жыл окуп, бакалавр даражасына ээ болушат. Андан кийин эки жылдык магистратурада окуп, жогорку окуу жайын бүткөндүгү тууралуу диплом алса болот. Мындан сырткары студенттер өздөрү каалаган сабактардын 50 пайызын тандай алышат, ал эми калгандары сөзсүз окутула турган предметтер болот",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

