super.kg logo

Таласта тоо эчкилерди мыйзамсыз аткандар кармалып, 110 миң сом айып салынды

 

Талас облусунда тоо эчкилерди мыйзамсыз аткандар кармалып, 110 миң сом айып салынды. Муну бүгүн, 22-декабрда өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциядан кабарлашты. 

Аталган инспекциянын Талас облустук башкармалыгынын буйругуна ылайык, жаңы жыл алдында балатылардын мыйзамсыз кыйылышынын, жаныбарлар, өсүмдүктөр жана балыктарга зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча рейд жүргөн. 

"Рейд учурунда Кара-Буура жаратылыш паркынын аймагында Кара-Буура райондук балыкчылар жана мергенчилер коомунун корукчусу А.Абдыжапаровго таандык Mitsubishi Pajero автоунаасы токтотулган. Текшерүүдө автоунаадан Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургундары А.Абдыжапаров, А.Бондаренко тарабынан мыйзамсыз атылып өлтүрүлгөн эки баш жапайы тоо эчкиси, 12-калибрлүү кош ооз мылтык, ок-дарылары табылган. Тоо эчкилерди өлтүргөндөргө 110 миң сом айып пул салынды. Бул иш боюнча акт, протокол түзүлүп, иш сотко өткөрүлүп берилди",- деп билдирет мекеме.

Текшерүү учурунда Кара-Буура жаратылыш паркынын аймагында райондогу Кызыл-Адыр айылынын тургуну Жумабеков Замирден документи жок ТОЗ-8 үлгүсүндөгү мылтык табылган. Бул иш боюнча да протокол түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.12.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
110мин ден да кобуроок салыш керек эле.
22.12.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне бөлүшпөй коюштубу? Өзүнөр алдына айдап алып келип берчү эмес беленер аңчылык туризмин 40 мин долларга уюштургандар. Анын башында Кулов байкебиз турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: