super.kg logo
  Саясат  

Түштүк Кореяга турмушка чыккан кыргыз кыздарынын так саны белгисиз

 

Түштүк Кореяга турмушка чыккан кыргыз кыздарынын так саны канча экени белгисиз. Муну депутат Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 22-декабрдагы отурумунда билдирди. Депутат 3 жылдан бери Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине кайрылып, канча кыргыз кызы корей жигиттерине турмушка чыгып кеткенин сурап, жооп ала албай жатканын айтат. “Турмушка чыгып кеткендерди бул жактан узатып жаткан агенттиктерден да ала албай койдум. Маалымат булактары да кайрылып, так жообун ала албай жатышат. Төрөгөндөн кийин балдарды өздөрүнө алып калып, кыргыз кыздарын көчөгө айдап чыгышат. Бул боюнча чара көрүш керек”,- деди Бакир уулу.   

Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев акыркы жылдары 500гө жакын кыз корей жигитине турмушка чыгып, бирок 90 пайызы ажырашып кеткенин билдирди. “Бирок ажырашып кеткенин алардын ата-энелери билбейт”, - дейт Иманалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: