super.kg logo
  Саясат  

Сот системин реформалоо боюнча иштелип чыккан 7 мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди

 

Сот системин реформалоо боюнча кеңеш бүгүн, 22-декабрдагы отурумунда сот системин реформалоо боюнча сунушталган 7 мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Долбоорлор Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизет. Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев жумушчу топ аталган мыйзам долбоорлорун 2 жыл аралыгында иштеп чыкканын айтты. 

“Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн инаугурациясынын алдында сот системин реформалоо керектигин айткан. Биз ошону эске алып, 2 жылда 7 мыйзам жана кодекс иштеп чыктык. 1-2 күндүн ичинде парламенттин кароосуна киргизебиз, ал жакта депутаттардын кенен талкуусуна алынат. Эл өкүлдөрү да жардам берип, ылдамыраак колдоп берүүсүн суранабыз. Долбоор коомчулукта жана Жогорку Кеңеште чоң талкуу жаратат. Бул үчүн коомдук угууларды өткөрүүгө каржы маселеси чечилген”, - деди Нарымбаев.  

Жыйын жүрүшүндө комиссияга мүчө депутаттар долбоорго кол коюшту. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: