Аскер кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында футбол боюнча мелдеш уюштурулду







Аскер кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу, алардын спорттук чеберчиликтерин көтөрүү жана ден соолукта, саламаттыкта жашоого үндөө максатында КРнын Коргоо министрлиги менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн ортосунда футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 25-ноябрдан 20-декабрга чейин өткөн мелдешке 10 курама команда катышып, 1-орунду Башкы куралдануу башкармалыгы жеңип алды. 2-орун Күжүрмөн даярдык башкармалыгына буюрса, Башкы ыкчам башкармалыгынын командасы 3-орунду ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.