super.kg logo
  Саясат  

2014-жылы республикалык бюджетке эреже бузган айдоочулардан 172 миллион сом түшкөн

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 22-декабрда ири шаарлардагы жол коопсуздугун камсыз кылуу чараларын бюджеттик жактан каржылоого багытталган мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алды.

Мыйзам долбооруна ылайык, “Коопсуз шаар” жана “Электрондук каттоо китепчеси” долбоорлорун ишке ашыруу жаатында көчөлөргө видеобайкоо жабдууларын орноткон жана аларды тейлеген компанияларды жолдо жүрүү эрежелерин бузгандардан түшкөн айып пулдан жана бюджетке түшкөн каражаттардын эсебинен каржылоо сунушу киргизилүүдө

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун билдиришинче, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жарыяланган тендерден утуп чыккан компания түз инвестиция катары Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө видеобайкоо жабдууларын орнотуп, 10 жылга чейин өзү тейлейт, андан соң толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берет. Ошол мезгил аралыгында ал компания жолдо жүрүү эрежесин бузгандардан түшкөн айып пулдун эсебинен өз чыгымдарын чыгарып алууга тийиш.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: