Ысык-Көл. Мыйзамсыз жер бөлүштүргөн Өрүктү айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысына кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Өрүктү айыл өкмөтүндө айыл чарбасына пайдаланыла турган жерлердин максаттуу иштетилип жатышы текшерүүгө алынган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Интернеттен алынды
Натыйжада аталган айыл өкмөттүн мурдагы башчысы М.У. кызматтык жасалмалуулук менен 1,5 гектар жерди "айыл чарбасына пайдалануу" категориясынан "өзгөчө корукка алынган жерлер" категориясына мыйзамсыз которуу боюнча токтом чыгарган. 2012-жылы чыгарылган токтомдун негизинде туристтик объекттин курулушу башталган.
Ошондой эле Өрүктү айылынын А.А. аттуу тургунуна үй куруу үчүн 0,12 гектар жер мыйзамсыз берилген. Жыйынтыгында "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "жер мыйзамын бузуу", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча М.Уга карата кылмыш иши козголду. Факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 22-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.