super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстанда өткөн парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 89 пайызы катышканы айтылды

 
Өзбекстанда 21-декабрда өткөн парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 89 пайызы катышты. Мындай маалыматты тийиштүү органдарга шилтеме берүү менен аталган өлкөнүн маалымат булактары 22-декабрда жарыялашты. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов журналисттер менен жолугушууда буларды билдирди: 
"Олий Мажилистин мыйзам чыгаруу палатасын, облустук, райондук, жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 18 миллион 400 миң шайлоочу катышты, бул жалпы добуш берүүчүлөрдүн 89 пайызын түзөт. 8311 адам мөөнөтүнөн мурда добуш берүү укугун пайдаланды. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, мыйзам чыгаруу палатасына 113 депутат шайланды". 
Маалыматка таянсак, Өзбекстан либерал-демократиялык партиясы 47 мандат, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы 28 мандат, Өзбекстан элдик-демократиялык партиясы 21 мандат жана "Адолат" социал-демократиялык партиясы 17 мандат алды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: