Баткен шаарындагы №3-мектептин курулушу 6 жылда бүттү
Быйылкы жылы Баткен шаарындагы №3-мектептин курулушу аяктады. Имараттын жалпы баасы 68,5 миллион сомду түзгөнүн 22-декабрда Каржы министрлиги кабарлады. Маалыматка таянсак, республикалык бюджеттен капиталдык салымдардын алкагында 68,5 миллион сом толугу менен бөлүнүп берилген. Мунун ичинен 2014-жылы бекитилген мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин тизмегине ылайык, мектепти куруп бүтүүгө 4,8 миллион сом каралып, Турак жай-жарандык курулуш департаментине толугу менен которулган.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, аталган мектептин курулушу 2008-жылы башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















