super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматовду табуу боюнча ИИМдин Интерполго жиберген кайрылуусуна жооп келе элек

 
Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду табуу боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Интерполго кайрылды. Муну 23-декабрда SUPER.KG`ге ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев билдирди. "Материалдарды Интерполдун Франциядагы катчылыгына жибергенбиз. Уюмдун башкы катчылыгы документтер менен таанышууда. Биздин суроо-талапты кабыл алышса, Мырзакматовго эл аралык издөө жарыяланат. Материалдарды качан карап бүтөрү белгисиз. Азырынча жооп келе элек",- деди Осмонбаев. 

Мелис Мырзакматовго "Ош шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок эстакадалык көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген" деген айып тагылууда.

Интерполдо Мелис Мырзакматовго издөө салуу тууралуу азырынча маалымат жок. Белгилей кетсек, 2010-жылкы революциядан кийин Убактылуу өкмөт экс-президент Курманбек Бакиевге эл аралык издөө жарыялоо өтүнүчү менен Интерполго кайрылып, бирок аталган уюм сунуштан баш тарткан. Интерпол баш тартуусун "диний, саясий, аскердик жана расалык маанайдагы конфликттерге уюм кийлигише албайт" деп түшүндүргөн. Уюм качкын президенттин улуу баласы Марат Бакиевге да издөө жарыялоодон баш тарткан. Интерпол Жаныш Бакиевге, Акмат Бакиевге, Максим Бакиевге жана Жаныш Бакиевдин уулу Искендер Бакиевге издөө жарыялаганы белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: