super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү келишими 2015-жылдын 1-майында күчүнө кирет

 
Кыргызстандын Бажы союзуна (Евразиялык экономикалык союзу) кирүү келишими 2015-жылдын 1-майында күчүнө кирет. Муну бүгүн, 23-декабрда Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме берүү менен орусиялык маалымат булактары жарыялашты. Ушаков аталган келишимге бүгүн кол коюлушу күтүлүп жатканын кошумчалады. 
"Евразиялык экономикалык биримдик боюнча келишимге өлкө башчылары кол коюшса, 2015-жылдын 1-январынан мурдагы союздук өлкөлөрдүн аймагында ири интеграциялык биримдик ишин баштамакчы. Эксперттер менен өкмөт мүчөлөрү азыркы учурда абдан катуу иштеп жатышат, бул иштер Кыргызстандын биримдикке кошулушу менен аякташы күтүлүүдө",- дейт Ушаков. 
Айта кетсек, Москвада бүгүн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйналышы өтөт, ага Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация катышат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: