Кызыл-Кыя – Караван унаа жолундагы кырсыктан 79 жаштагы жаран каза тапты
Кызыл-Кыя – Караван унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 79 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 22-декабрь күнү саат 18:00 чамасында катталган. Анда 48 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан Дэу Лабо унаасы менен Хундай Портер унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен эки жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, жабыркагандарын бири алган жараатынан улам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.