super.kg logo

Жалал-Абад шаарында бир катар кызматкерлерге "Ардактуу атуул" наамы берилди

 

Бүгүн, 23-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон 10 атуулга "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.

Салтанатты ачууда шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нишанов: “Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги 19-сессиясынын №17-токтому менен Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн сиздерге "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылып жатат. Эки жыл ичинде чогулган бир топ талапкердин арасынан эң татыктуулары туруктуу комиссия тарабынан тандалып алынды”,- деп билдирди ал.

Шаардын мэри С.Авазов “Ардактуу атуул” наамын 10 адамга тапшырды жана аларды кызуу куттуктап, өзүнүн каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле алгачкы наамын алган Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын статистика бөлүмүнүн башчысы Сайфудин Качкынбаев: “Көп жылдан бери иштеп келген эмгегимди баалашып, Жалал-Абад шаарынын наамын ыйгарып отурушат. Шаардык кеңешке, ишимди баалашканына рахмат!”- деп билдирди ал.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: