Ысык-Көл. Тоң районунда учурда 30 мектеп, 22 ФАП элге кызмат көрсөтүүдө
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 30 орто билим берүү мекемеси бар. Мунун ичинен 12 мектеп кышында электр энергиясы менен, 18 мектеп көмүр менен жылытылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле райондун аймагында 1 аймактык оорукана, 22 ФАП, 7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу калкка кызмат көрсөтүүдө. Быйылкы кыш мезгилине карата аталган мекемелерди көмүр менен камсыздоо үчүн 4 миллион 195 миң сом каралса, мунун ичинен 550 миң сом жергиликтүү бюджеттен, ал эми 3 миллион 645 миң сом республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















