Кыргызстан өткөн суткада 58,5 миллион киловатт электр энергиясын пайдаланды
Кыргызстан өткөн суткада 58,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды, бул көрсөткүч нормадан 6,7 миллион киловаттка ашыкча. Маалыматты бүгүн, 23-декабрда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Бишкек шаары 1,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын нормадан ашыкча пайдаланганы айтылды. Облустар арасында электр кубатын ашыкча коротуу боюнча Жалал-Абад облусу алдыда (1,08 миллион киловатт ашыкча иштеткен). Бишкек жылуулук электр борбору басым менен иштеп, өткөн суткада 8373 киловатт-саат электр кубатын өндүргөн.
Автор: Автандил Добулбеков
Бир сутка ичинде авариялык өчүрүүлөр болгон жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

