super.kg logo

Сатыбалды Далбаев “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына көрсөтүлдү

 

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз ССРинин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаевди “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына көрсөтүү жөнүндө маселе каралып, жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова баяндама жасап, мындай демилге бир катар депутаттар менен кошо Кыргызстан театр ишмерлер союзу, Базар-Коргон районунун эли жана бир катар чыгармачыл инсандар тарабынан көтөрүлгөндүгүн белгиледи. С.Далбаев чоң-чоң классикалык башкы ролдорду ийгиликтүү аткарып келгендигине токтолгон вице-спикер 80ге чыкканча театрда ишмердүүлүгүн улантып жаткан белгилүү инсандын эмгегин татыктуу баалоо зарыл дейт.

Комитет мүчөлөрү С.Далбаевдин Кыргыз Республикасынын маданиятына жана театрына сиңирген эмгегин жогору баалап, көтөрүлгөн демилгени колдоого алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.12.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наамыныз кут болсун! Ишинизге ийгилик.Бул наамга сиз татыктуусуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: