Владимир Путин: "Жамааттык коопсуздук келишим уюму Ооганстанга байланышкан коркунучтарга даяр болушу керек"
Орусия президенти Владимир Путин Ооганстандагы кырдаалга байланышкан коркунучтарга адекваттуу чара көрүүгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өлкөлөр даяр болушу керектигин 23-декабрда уюмдун Москвада өтүп жаткан жыйынында айтты. "Азыркы кырдаал кам көрүүнү талап кылууда, "Ислам мамлекети" деген сыяктуу согушчандар тобу жаралып жатат. Террористтик жана экстремисттик топтор Борбор Азияда өзүнүн активдүүлүгүн жайылтуу аракетин көрүшүүдө",- деди Путин.
Жыйынга Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Беларусь, Орусия жана Армениянын президенттери катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

