super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин көтөрдү

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 23-декабрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин көтөрдү. Жыйында "Ата Мекен" фракциясы тарабынан сунушталган “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” мыйзамга толуктоо киргизүү сунушу 1-окууда каралды. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотууну максат кылат.

“2011-жылы ошол кездеги муфтий Чубак ажы Жалилов ички түзүмдөгү коррупцияга бөгөт коём деп ажылыкка барчулардын акчаларын банкка төктүргөн. Бирок ал ажылык сапарларды уюштурууда ажы башчыларына төлөнгөн компенсациялык айлык акы катары көрсөтүлүп калган. Андай болгон соң андан киреше салыгы кармалышы керек эле, бирок ал кармалбай калган. Мындан улам ал сумма 12 миллион сомду түзүп отурат. Буга байланыштуу Дин башкармалыгынын 300 миң долларга жакын каражаты да камакта турат. Салттуу диндерди коргоодо мамлекет каржылык колдоо көрсөтүү кадамына барыш керек. Ошондуктан муфтияттын мойнуна илинген 12 миллион сомун кечели деп долбоор сунуштап жатабыз”,- деп түшүндүрдү депутат.

Өкмөт мындай демилгеге каршы экени айтылды. 

Текебаев өкмөттүн Дин башкармалыгын камсыз кылуунун ордуна ажылыктан түшкөн каражатты бюджетке төктүрүү аракетин сынга алды.

“Президент Алмазбек Атамбаев муфтиятты мамлекеттен каржылоо керектигин айтып жатса, өкмөт ага каршы чыгууда. Өкмөт ушинтип жатса, анда өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылам”,- деди Текебаев. 

Депутаттын пикирин комитеттин башка мүчөлөрү да колдоого алышарын айтышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: