super.kg logo
  Саясат  

Жаратылыш газын импорттоодон алына турган бажы алымдарын алып салуу боюнча мыйзам долбоору колдоого алынды

 

Бүгүн, 23-декабрда парламенттин Экономика жан фискалдык саясат комитети "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун күн тартибине кезексиз киргизип, биринчи окууда колдоого алды. Бул мыйзам долбоорунда айрым бир товарларга акциздик салыктын базалык ставкасын жогорулатуу каралган. Алсакалкоголдук продукцияларга: арак-шараптарга 1,5 эсеге, сырага 1,2 эсеге, жеңил ичимдиктерге 3,3 эсеге, күйүүчү-майлоочу майларга: бензинге 1,6 эсеге, дизель майына 2,5 эсеге, мазутка 1,6 эсеге жогорулатуу белгиленген. Бул рыноктогу кырдаалга жараша өзгөрүп турат. 

Комитет мүчөлөрү "Бажы тарифи жөнүндөгү" мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүнү да колдоп берди. Мында сырттан келип жаткан жаратылыш газынан алына турган 35 пайыздык бажы алымдарын алып салуу жагы каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: