Ош мамлекеттик университетинин ректоруна жана окутуучусуна Улуттук “Санжыра” фонду тарабынан сыйлык тапшырылды




Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков жана тарых факультетинин окутуучусу, профессор Турдумамат Кадыров Улуттук “Санжыра” фондунун грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыйлыкты тапшыруу аземинде аталган фонддун директору Асыкбек Оморов: “Улуу кыргыз идеологиясынын башатын түптөп, тарыхый санжыра булактарын чогултууда жана топтоодо республиканын аймактарындагы, анын ичинде Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы элдин түтүн санын тактоодо жардам көрсөтүп жаткандыгыңыздарга ыраазычылык билдиребиз”,- деди. Ошондой эле жакынкы аралыкта кыргыздын 40 томдук санжырасы жарык көрөрүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.