super.kg logo
  Саясат  

Улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына милдеттүү түрдө киргизүү демилгеси 1-окууда жактырылды

 

Улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына милдеттүү түрдө киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 23-декабрда 1-окууда жактырды. Демилгечи депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, улуттук спортко мамлекет камкордук көрбөсө, жоголуп кетүү коркунучу турат. “Улуттук философия, улуттук тарых, улуттук медицина жана башкалар сыяктуу эле улуттук спорт оюндары да улуттук идеологиянын бир бөлүгү. Азыркы муун улуттук оюндарды дээрлик билбейт”,- деди Иманалиев.  

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева мыйзам аткарылыш үчүн долбоордогу "милдеттүү" деген сөздү "факультативдүү" деп алмаштырууну сунуштады. Буга демилгечи да макулдугун берди.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: