super.kg logo
  Спорт  

Италиянын Суперкубогу үчүн беттеште “Наполи” клубу өлкө чемпиону “Ювентусту” утуп алды

 

“Ювентус” (Турин) – “Наполи” (Неаполь) – 2:2 (пенальтилер сериясында – 5:6)

Голдор: К.Тевес (5-мүнөттө), Г.Игуаин (68-мүнөттө), К.Тевес (106-мүнөттө), Г.Игуаин (118-мүнөттө).

Италиянын өткөн сезонундагы чемпиону “Ювентус” менен кубок ээси “Наполи” клубу Катарда Италиянын Суперкубогу үчүн беттеш өткөрүштү. Беттеште “Наполи” пенальтилер сериясында жеңишке жетишип, 24 жылдан кийин Суперкубокту утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, оюндун негизги 90 мүнөт убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Кошумча эки 15 мүнөттүктө командалар дагы бирден гол жарата алышты. “Ювентустун” курамында аргентиналык Карлос Тевес 2 голду өз эсебине жазса, дагы бир аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин эсеп катыштыгында 2 голу менен теңчиликти сактай алды. Жыйынтыгында командалар пенальтилер сериясына өтүшүп, “Наполи” 6:5 эсебинде жеңишке жетишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.12.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Игуаин кучтуу негизи чем Бенземадан караганда Реал адашып кетирип алган
24.12.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реалда бут эксперттер отурушат.
Кетирген болсо, значит ошондой кылыш керек болчу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: